Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Талас шаарында өтө турган республикалык айтыштын катышуучулары аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Айтыш" коомдук фондунун теңтөрагасы Асылбек Маратов билдирди.
Бүгүн, 5-ноябрда сынактын тандоо түрү болуп өттү. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан акындар келип катышкан.
Кийинки айлампаларга өткөн акындар:
1. Абдылда Нуралиев
2. Амантай Кутманалиев
3. Баян Акматов
4. Болот Назаров
5. Асылбек Маратов
6. Чыңгызхан Кожошов
7. Кутман Садыбакасов
8. Арген Биймырза уулу
9. Кадырбек Бейшенов
10. Мамелбек Исраилов
11. Жылдызбек Төрөканов
12. Элмирбек Иманалиев
13. Мамабектокто Мамбет Орозо
14. Эламан Келдибеков
15. Темирбек Матыбаев
16. Абубакир Бакиров
Айтыштын кийинки айлампалары 8-ноябрда Талас облустук Капар Медетов атындагы музыкалык драма театрында өткөрүлөт.