"Анын Мерседеси бар" деген ырды аткарып "Жаныш, Байыш" тобу аркылуу музыка сүйүүчүлөргө таанылган ырчы Байыш Момунов кыздуу болду. Бул тууралуу маалыматты ырчы ырастап, кызынын жана жубайынын абалы учурда жакшы экенин белгиледи.
Айтымында, ымыркай бүгүн, 5-ноябрда эртең менен төрөлгөн. Ошондон бери ырчы менен жубайы Динара Сариеваны бул жакшылыгы менен жакындары куттуктап, ак тилектерин айтышууда. Түгөйлөр 18 жылдан бери чогуу түтүн булатып, 1 уул, 3 кызды тарбиялап келишкен.
"Кызымдын да, жубайымдын ден соолугу жакшы. Менин маанайым да жакшы", - деди ал.
Байыш Момунов менен ырчы Клара Алибекованын ортосунда бир уулу бар. Ал эми алты баланын атасы болду.
Байыш Момуновдун репертуарында "Ак жоолукчан", "Кызыл алма", "Жүрөгүмдө орун бирөө", "Мончок көз жаш" жана башка ырлары бар.