Бишкектин Элебесов көчөсүндөгү кездеме жана кийим сактоочу кампа өрттөнүп жатат

Бишкек шаарынын Элебесов көчөсүндөгү кездеме жана кийим сактоочу кампа өрттөнүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, бүгүн, 5-ноябрда саат 21:53тө өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 өрт өчүрүү бөлүмү, Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылды. Министрликтин басма сөз кызматы кошумча маалымат бериле турганын кабарлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан