Бүгүн, 6-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Өлкөдө кайрадан Патрулдук милиция бөлүмү түзүлөт. Ал үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүктөрү жана Кайгуул-күзөт бөлүмдөрү бириктирилерин жол коопсуздугуна жоопкер органдарды реформалоо боюнча жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов билдирди.
Жаӊы түзүлүүчү Патрулдук милиция жол кыймылынын коопсуздугун гана эмес, жалпы коомдук тартипти көзөмөлдөйт, бригада дайым кыймылда болот дейт. Башкача айтканда, жол эрежесин бузгандарды да, көчөдөгү уруш-жаӊжалдарды да жаӊы түзүлгөн бөлүм көзөмөлдөйт.
Кадрлар кантип тандалат? Алгачкы этапта кызматкерлер сынак аркылуу тандалып, экинчи баскычта ок атуу даярдыгы, адам укуктары, жол эрежелери боюнча тийиштүү окуудан өтүшөрү айтылды. Бул процесс 2020-жылга чейин созулуп, аягында Бишкектеги жол кыймылын сапаттуу инспекторлор тескей баштайт деген үмүт бар. Бул "реформа" жалпы республикага 2 жылдан кийин жайылтыла баштамакчы.
Негизи, Ибраимов айтып жаткан өзгөртүүнү Кыргыз өлкөсү буга чейин сынап, оӊдуу жыйынтык чыгара алган эмес. 2016-жылы Жол кайгуул кызматы менен Кайгуул-посттук кызматы бириктирилип, бирдиктүү Патрулдук милиция башкармалыгы түзүлгөн. Ага ылайык, башкармалык бир нече функцияны аткарууга киришкен. 3 кызматкерден турган бригада жол кыймылын да, коомдук тартипти да көзөмөлдөөгө өткөн. Бригаданын автоунаасы бир жерге токтоп турбай, шаарды кыдырып кылмыштардын бетин ачмак. Бирок МАИ кызматкери даракка жашынып унаа тоспой калат тура деген жарандардын үмүтү көпкө созулган жок. Бул "реформанын" башында турган ал кездеги ИИМ жетекчиси Мелис Турганбаев 1 айга жетпей Патрулдук милицияга автоунаа, видеокамера жетишпей жатканын айтып чыкты. Ушул эле жылы Башкы прокуратура "Патрулдук милицияга 65 автоунаа мыйзамсыз сатып алынган" деп кылмыш ишин да ачып, аягы дайынсыз кетти.
1 жылдан соӊ премьер Сапар Исаков натыйжа чыкпады деп Патрулдук милицияны жоюп жиберди. “Натыйжа чыкпады” деп жоюлган систем кайра сунушталып жатат. Ушундай биринин калпагын бирине кийгизген 10 реформадан жалгыз "Коопсуз шаар" долбоору артык болмок. Бирок өкмөт аны да 6 жылдан бери ишке ашыра албай жатат. Органдын атын өзгөртүп кайра түзүүдөн майнап чыкса, буга чейин чыгышы керек эле. Акыркы 27 жылда жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн органдын аталышы көп өзгөрдү. Мисалы, 1995-жылы - Мамлекеттик автоинспекция, 2009-жылы - Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкы башкармалык, 2012-жылы - Жол-кайгуул кызматы, 2016-жылы - Патрулдук милиция башкы башкармалыгы, 2017-жылы - Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык. 1 жыл өтпөй кайра Патрулдук милиция түзүү сунушу айтылып жатат. Айтор, өкмөттүн "реформа" деген ураандарынын күчү милиция кызматкерлеринин формасын жана кызматтын аталышын өзгөртүүдөн ары өтө албай жатат. Мындай ат алмаштыруулардан жол кырсыктары, андан каза болгондор жана жаракат алгандар азайып, коррупция жоюлуп кетпеди...
Кара-Балтадагы мунай иштетүүчү "Жунда" заводу ишин токтотту. Экономика министри Олег Панкратов муну заводго байланышкан соттук иштерге байланыштуу деп түшүндүрдү.
Кытайлык “Чайна Петрол Компани” ишканасы курган "Жунда" заводу 2013-жылы ишке киргизилген. Расмий маалыматка таянсак, долбоорго инвестор 300 миллион доллар салган. Ишкана Орусиядан ташып келинген мунайды иштетчү. Ал кездеги премьер Жантөрө Сатыбалдиев заводдун ишке кириши өлкөнүн күйүүчү майга көз карандылыгын азайтат, Кыргыз жарандары үчүн 600 жумуш оруну түзүлөт деген. Эсептөөлөр боюнча завод өлкөдөгү эӊ көп салык төлөгөн ишканага айланып, жылына бюджетке 5 миллиард сом салык төкмөк. Расмий маалыматка таянсак, завод 1 жылда 400 миӊ тоннанын тегерегинде күйүүчү май өндүрөт. Бул өлкөнүн жалпы керектөөсүнүн 30 пайызга жакынын түзөт. Бирок завод 4 жылдан бери толук кандуу иштеген жок. 2014-жылдын башында жергиликтүү жашоочулар заводдон жагымсыз жыт чыгып, абаны булгап жатат, анын айынан балдар ооруп жатат деп митингге чыгышты. Ушунун айынан завод убактылуу жабылып, бир нече айга созулган териштирүүдөн кийин кайра ишин баштаган. Бирок "Жунданын" ишке кириши өлкөдөгү бензиндин баасын арзандатып жиберген жок. Убагында парламент депутаты Улукбек Кочкоров завод толугу менен Тажикстан менен Ооганстандын пайдасына иштеп жатат, өндүрүлгөн продукциянын үзүрүн Кыргыз өлкөсү көрбөй жатат деп чыккан. 2016-жылы заводдун иши кайра токтотулган. Жооптуу органдар "Жунда" казынага төгүшү керек болгон салыктын жарымын бербей жашырып жүргөн деген доомат коюп, заводдун жетекчисинин орун басары кармалган. Учурда ишкана 200 миллион сом салыкты төлөгөн эместиги айтылып жатат. Соттук иштер 2 жылдан бери уланууда. Мындай ири долбоорлордун ишин токтотуусу өлкөнүн инвестициялык абалына жакшы аброй алып келбейт...