ЖЫЛНААМА, 6-НОЯБРЬ: "Курманжан датка" тарыхый тасмасындагы Камчыбектин ролу аркылуу таанылган актёр Адилет Усубалиев 28 жашка чыкты

Бүгүн театр жана кино актёру Адилет Усубалиев 28 жашка чыкты. SUPER.KG порталы ырчыны куттуктап байланышка чыкканда, ыраазычылыгын билдирип, жаңылыктары менен бөлүштү.

"Бүгүнкү маанайым эң сонун. Туулган күнүмдү куттуктап байланышка чыкканыңыздар үчүн абдан кубанычтамын. Чоң рахмат.

Ал эми чыгармачылыкта улам алга жылууга аракет кылуудабыз. Бул жыл мен үчүн жемиштүү жылдардан болду. Буюрса, ушул жылы кинолорго тартылуудан тышкары өзүмдү эстрада ырчысы катары сынап көрүүнү чечтим. Опера ырчысы катары билимим бар, бирок алдыда эстрада жаатында ийгиликтерди багынтуу максатында конкурстарга катышып жатам. Алдыда биз кыргыз эли, маданиятыбыз, Кыргыз өлкөсүнүн жаркын келечеги үчүн инсан катары элге үлгү болуп жүргөнгө аракет жасайбыз", - деди актёр Усубалиев.

Актёр катары Адилет Усубалиев 2013-жылы режиссёр Нурбек Мусаевдин драмалык жанрдагы "Көргүм келет" тасмасына тартылган. Кийин 2014-жылы жарыкка чыккан режиссёр Садык Шер-Нияздын "Курманжан датка" тарыхый тасмасындагы эл намысы үчүн ажалга тике караган Камчыбектин образын жараткан.

«Курманжан датка» тарыхый тасмасынан кадр

2014-жылдын "Супер тандоо" жыйынтыгы боюнча тасмадагы ийгиликтүү ролу үчүн "Супер-Инфо" гезити жана "Super.kg" порталы Адилет Усубалиевди "Жылдын актёру" деп тапкан.

Ушул эле жылы үй-бүлөдөн карьераны жогору койгон карт бойдоктун образын "Карт бойдок-2" фильминде чагылдырып берген.
«Карт бойдок 2» тасмасынан кадр
Ал эми 2017-жылы ал нукура кыргыздын баалуулуктарын көрсөтүү менен Америкага кеткен сүйүктүүсүн кайтарып алган патриот жигиттин ролун ойногон "Уламыштар" тасмасы жарыкка чыккан. Ошол эле жылы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаменти тарабынан "Кыргыз киносунун отличниги" төш белгиси менен сыйланган.
«Уламыштар» тасмасынан кадр
2018-жылы октябрь айында көрүүчүлөргө сунушталган "Атаман" жана "Дарак ыры" тасмаларында образ жараткан.
«Дарак ыры» мюзикл-фильминен кадр
Актёр фильмге тартылуудан тышкары өзүн ырчы катары сынап көрүүнү чечип "Асман" долбооруна катышкан.
Адилет Усубалиев 1990-жылы 6-ноябрда Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Мураке айылында туулган. Мектепти аяктаган соң 2007-жылы Бишкек шаарына келип Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Көркөм институтунун актёрдук чеберчилик бөлүмүнө тапшырып, аны 2012-жылы аяктаган.
Студент кезинде окуусунан тышкары Бишкек шаардык Арсен Өмүралиев атындагы драма театрында 2 жыл, андан соң Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында 1 жылдай иштеген. Аны менен катар радиодо 5 жыл ди-джейликти аркалаган. Музыкалык билими бар.
6-ноябрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Talantbek80
2018-11-06 22:14:25
Таланттуу актёр омурун узун болсун туулган кун кут болсун кыргыздын сыймыгы бол суймонкулдай чыгаан бол
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан