Эстрада ырчысы Мирлан Баеков "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды. Сыйлык тууралуу ырчы SUPER.KG порталына буларды айтып берди.
"Мага министрликтен бүгүн, 6-ноябрда чалып, чакырышты. Барсам, төш белги тагып, күтүүсүз белек кылышты. Негизи төш белгини маданият күнүндө, тагыраагы, 2-ноябрда эле маданият министри өзү тапшырмак экен. Бирок бошобой калгандыгына байланыштуу сыйлыкты министрдин орун басары ыйгарды. Чындыгында эле аябай жагымдуу болду", - дейт ырчы.
Мирлан Баеков репертуарындагы "Кызыл өрүк", "Ата тилеги", "Кызганба", "Карындаш" жана башка ырлары менен белгилүү.