Жети-Өгүздө адамды аёосуз сабап, жансыз денесин арыкка ыргыткандар табыла элек

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда киши колдуу каза болгон жарандын өлүмүнө шектүүлөр табыла элек. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

"Адамды аёосуз сабап, жансыз денесин арыкка ыргытып жибергенге шектүүлөр кармала элек. Учурда маркумдун унаасы жана анын өлүмүнө шектүүлөр милиция кызматкерлери тарабынан изделүүдө", - деди басма сөз кызматкери.

Эске салсак, 27-октябрь күнү эртең мененки саат 8:00 чамасында Жети-Өгүз РИИБине Жон-Булак айылында белгисиз жарандын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган тергөө тобу жансыз денени арыктан табышкан. Анын таяк менен катуу сабалып каза болгондугу аныкталган. Маркумдун жарандык никедеги жубайы каза болгон адамдын унаасы да табылбай жатканын айткан. Ал үйүнөн машинасын айдап чыккан боюнча кайтып келген эместигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан