Лейлектеги айылдык кеңештин төрагасын аткан адам кармала элек

Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасын аткандар кармала элек. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

"Өзүнүн үйүнүн короосунан белгисиз адамдар атып кеткен Б.К.нын окуясына күнөөлүү кармала элек. Учурда милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эске салсак, Баткен облусунун Лейлек районунда айылдык кеңештин төрагасын 5-ноябрдан 6-ноябрга караган түнү атып кетишкен. Ал эми Баткен облусунун администрациясынын басма сөз кызматкери төраганын абалы оор экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mister888
2018-11-06 22:19:26
буюрса кылмышты ачат СКМ лейлек ийгилик жигиттер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан