Бишкек шаарында 1-ноябрь күнү үч унааны сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен жол тандабас унаасынын айдоочусу дале табыла элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 6-ноябрда Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашты.
"Окуя болгон жерден изин жашырып кеткен Лексус 470 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу табыла элек. Биздин болжол боюнча, ал бир жерде жашынып жатышы мүмкүн. Издөө иштеринен азырынча натыйжа чыга элек", - деп билдирди башкармалыктан.
Белгилүү болгондой, Лексус 470 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Daihatsu, Hyundai, Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаааларды сүзгөн. Жол кырсыгы эртең мененки саат 10:20 чамасында Бишкектеги Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.