Алай районунда уксус ичип өз жанын кыйган 5 балалуу эненин өлүмү боюнча кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда SUPER.KG'ге облустук милициядан маалымдашты.
"Маркумдун кайын журту жана өзүнүн жакындары бир пикирге келишип, тосмо арыз жазып беришкен. Мындан улам, кылмыш иши токтотулду. Ошондой эле каза болгон аялдын туугандары аны соттук-медициналык экспертизага берүүгө макулдук беришкен эмес", - деп билдирет басма сөз кызматкери.
Эске салсак, 17-октябрда Алай районундагы Будалык айылынын 1974-жылы туулган К.Н. аттуу тургуну өз үйүндө уксус ичип алган. Ал ооруканага жеткирилген, бирок көп өтпөй каза болуп калган. Анын артында 5 баласы жана жолдошу калган. Кийинчерээк маркум оор шартта жашаганы, турмуш-тиричилиги начар болгону айтылган.