Америкалык актёр Майкл Дуглас кино тармагына кошкон салымы үчүн Даңк аллеясынан жылдызчага ээ болду

Америкалык актёр, продюсер Майкл Дуглас Голливуддун Даңк аллеясынан жылдызчага ээ болду. 74 жаштагы актёр кино тармагындагы ийгиликтери үчүн сыйланды.

Майкл Дугластын аллеядагы жылдызынын ачылышы 6-ноябрда өтүп, ага актёрдун жубайы Кэтрин Зета-Жонс жана 102 жаштагы атасы Кирк Дуглас катышкан.

Маалымат үчүн: Майкл Дуглас 1944-жылы 25-майда АКШнын Нью-Жерси штатындагы Нью-Брансуик шаарында төрөлгөн. Ал "Оюн", "Уолл-Стрит", "Идеалдуу өлтүрүү", "Жемчужина Нила" жана башка тасмаларда роль жаратып, атактуулукка жеткен. Ролдорду ийине жеткире аткаргандыгы үчүн эки ирет "Оскар" кино сыйлыгына татыган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kgda
2018-11-07 15:10:53
Жакшы азамат, атасыда жаш корунотко 102 жаш омуру дагын узун болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан