Орусиялык ырчы Нюша кыздуу болду

Орус эстрада ырчысы, композитор Нюша эне статусуна ээ болду. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы жеке баракчасына ымыркайы менен түшкөн сүрөтүн жүктөп "биздин периште" деген билдирүүсүн калтырган.

Ырчынын жолдошу Игорь Сивов дагы ошол эле сүрөттү жүктөп, төрөткө катышканын жазган.

"Мырзалар, мен көргөн көрүнүштү, төрөт учурундагы сезимдерди күнүмдүк жашоодо кезиктире албайсың. Мен ушул мүнөттөн тарта дагы бир нерсеге ынандым, ал керемет күч, аны сүйүп, алаканга салып жүрүш керек. Эми мен жубайым менен талашпайм, тартышпайм. Сени сүйөм", - деген ал.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, ырчы Майамидеги төрөтканалардын биринде кыз төрөгөн. Учурда эне баланын абалы жакшы.

Белгилей кетсек, Нюша 2017-жылдын январь айында өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына манжасына тагылган нике шакектин сүрөтүн жарыялап, кимдир бирөө жүрөгүн багындырып алганын ачыктаган. Бирок бир топ убакытка чейин сүйүктүүсүнүн аты-жөнүн жашырып келген. Ага карабастан ырчынын күйөрмандары анын болочок жолдошу Орусиянын эл аралык студенттик спорт федерациясынын башкы кеңешчиси, 37 жаштагы Игорь Сивов экенин, ал мурун үйлөнгөнүн жана эки баласы бар экенин айтып чыгышкан. Ал эми былтыркы жылдын август айында ырчы турмушка чыкканын расмий түрдө өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу тастыктап, фотосессия учурунда жолдошу Игорь Сивов менен түшкөн сүрөтүн жарыялаган. Түгөйлөрдүн үлпөт тою Мальдив аралдарында өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
vikidiki
2018-11-07 10:59:34
Кыйын кыз! Куттуктайм! Егор Крид кантти экен?
-1
Dembele84
2018-11-07 11:20:23
Омурлуу,акылдуу кыз болсун!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан