"АРАКЕТ КЫЛЫП, УТУП АЛ!" акциясынын башкы байгеси өз ээсин тапты (жеңүүчүлөрдүн тизмеси)

Акыркы 6 айдын ичинде жалпы өлкөнүн унаа айдоочулары "Газпромнефть" күйүүчү май куюучу жайларынан сапаттуу май куюп, "АРАКЕТ КЫЛЫП, УТУП АЛ!" ири акциянын катышуучусу боло алган.

Башкы байгенин финалдык ойнотуусунда - өзгөчө дизайнда жасалган жана 2018-жылы чыккан Renault Kaptur жаңы кроссовери үчүн 296 миңден ашуун скретч-карта катышты.

2018-жылдын 2-ноябрында "Рекорд" FM 89.00 радиостанциясынын түз эфиринде акциянын 3-этабынын жеңүүчүлөрү аталды. Иш-чаранын түз эфири www.ts.kg сайтында жана "Газпромнефттин" Instаgrаm социалдык тармагындагы расмий баракчасында көрсөтүлдү.

Аталган башкы байгеден тышкары финалдык оюнда төмөнкү белектер ойнотулду:

- 5 сыналгы,

- 5 ноутбук,

- 10 Gergert Sport спорттук велосипед,

- 10 Xiаоmi смартфону,

- 10 Neoline түнү да көрсөтө алган авторегистратор,

- "Chаngе Fitness" премиум-класстагы фитнес-клубуна 10 клубдук карта,

- 5 Neoline автомобилдик кубаттандыргычтары,

- 30 G-Drivе күйүүчү майларын алууга сертификаттар.

Жеңүүчүлөр көз карандысыз комиссия менен биргеликте Random программасынын жардамы менен аныкталды. Саат сайын студияга жаңы коноктор келип жатышты, алар эфирде отурганда утуштар ойнотулуп жатты.

"Газпромнефттин" Instаgrаm'дагы расмий баракчасына жазылган 3 адам жеңүүчүлөрдүн адилеттүү тандалып жатканына күбө болду. Алар дагы Random.org сайтынын жардамы менен тандалган. Утуштун алып баруучулугуна белгилүү шоумен Эрик Молдалиев чакырылган.

Студияга чакырылган коноктордун арасында белгилүү инсандар да болду:

Сергей Душимов – "Азия Микс" КВН командасынын катышуучусу,

Александр Яськов – радио алып баруучу,

Алина Певнева - хореограф, арт балет "Shock",

Ольга Джау Тун Кун - Кыргыз Республикасындагы Pole Dance федерациясынын башчысы,

Алиша Диа - эстрада ырчысы,

Тимур Жумабаев - шоумен,

Дмитрий Белоусов - фитнес-тренер,

Кайрат Примбердиев - эстрада ырчысы,

Денис Петрашов - Кыргыз Республикасынын сууда сүзүү боюнча чемпиону, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.

Алишер Жолчуев, башкы директордун чекене сатуулар боюнча орун басары:

"Акыркы 12 жыл бою жыл сайын "Газпромнефть" май куюучу тармагы баалуу белектерди ойнотуп акцияларды уюштуруп келет. Акциялардын шарттары дайыма жөнөкөй - "Газпромнефттен" май куюу керек. Биз кардарга ар дайым эң сапаттуу жана мыкты мунай продукцияларын, тейлөө жана белектерди бергенге аракет кылабыз.

Биз сапардагылар үчүн чоң иштерди жасайбыз!"

Үчүнчү этаптын жеңүүчүлөрүнүн тизмеси

Жаңы Rеnаult Kаptur унаасын утуу мүмкүнчүлүгү үчүн буга чейин акциянын 3 этабынын бирине катталган жана жеңүүчүлөрдүн тизмесине кирбеген скретч-карталардын ээлери ат салышты.

"Газпромнефть" май куюучу тармагы "АРАКЕТ КЫЛЫП, УТУП АЛ!" акциясынын 3-этабынын жеңүүчүлөрүн куттуктайт жана кардарларга акцияда катышканы үчүн ыраазычылык билдирет!

Оюндан кийин 10 күн ичинде бардык жеңүүчүлөргө байланышып, расмий түрдө сыйлык берүүгө чакырылат. Аларга скретч-картаны каттоодо gpn-prоmо.kg сайтында жазылган телефон номерине чалуу келет.

Коопсуздук үчүн "Газпромнефть" май куюучу тармагы шек жараткан чалуулар жана билдирүүлөр боюнча акча которбоону суранат. Бардык суроолор боюнча Кардарларды колдоо бирдиктүү борборуна 5151 телефон номери аркылуу суткасына 24 саат бою чалса болот (уюлдук телефондон чалуу акысыз).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан