"Клиптин сценарийи чыгарма жазылып бүтө электе эле даяр болгон" дейт "Супер хитке" чыгармасы кошулган рэпер Добр

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы видеоклип толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна кыргыз эстрада ырчысы Добрдун аткаруусундагы "Бир айым" аталышындагы клиби кошулду.

"Бул чыгарманы менин окуучуларымдан түзүлгөн "URPac birimdigi" тобу менен чогуу жаздырдык. Негизи башка чыгарманын үстүндө иштеп, клип тарттырып жатканбыз. Бирок оюма "Бир айым" чыгармасынын идеясы келип, шакирттериме сунуштасам, алар макул болушту. Ошентип ортодон жаңы чыгарма жаралып калды. Кызыгы, чыгарманын сөзүн жазып жатканда эле клиптин сценарийи ушундай болсун деп чечип койгом", - дейт ырчы.

31-ОКТЯБРДАН 1-НОЯБРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Айдана Деканын "Жигитке" клиби эң аз добушка ээ болуп сынактан четтетилди.

9-орун - Жийдеш Идирисованын "Наринай" видеокомпозициясына буюрган.

8-орунду - Ильяз Абдыразаковдун "Ай, жеңеке" чыгармасы ээлеген.

7-орун - Эдил Маматовдун аткаруусундагы "Кайда?" клиби 3 баскычка төмөндөгөн.

6-орун - Кайрат Примбердиев жана Бегиштин "Барам кечинде" видеоклибине буюрган.

5-орунда - Арсендин "Арнадым сага" чыгармасы жайгашкан.

4-орунду - Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын аткаруусундагы "Бакытымсың" чыгармасы клиби ээлеген.

3-орун - 60`K тобунун "Мерез жүрөк" клиби алдыңкы үчтүктөн орун алган.

2-орунду - Мирбек Атабековдун "Жалынам" чыгармасы камсыздаган.

1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Мажиттин "Адашпа" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан