Америкалык ырчы жана актриса Ариана Гранде жыл айымы деп табылды

"Billboard" басылмасы 25 жаштагы америкалык ырчы жана актриса Ариана Грандени жыл айымы деп атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
"Ариана Гранде кайраттуу. Ал карьерасындагы эң мыкты гана чыгармаларды жаратат. Ошондуктан ал "Жыл айымы" наамына татыктуу", - деп билдирген басылманын вице-президенти Росс Скарано.
"Жыл айымы" наамын тапшыруу аземи 6-декабрда Нью-Йоркто өтө турган "Музыка дүйнөсүндөгү айымдар" кечесинде болот. Ал эми өткөн жылы аталган наамды америкалык ырчы Селена Гомес багындырган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан