Немис актрисасы, модель Диана Крюгер алгачкы ирет 42 жашында эне статусуна ээ болду. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, актриса кыздуу болгон.
Маалым болгондой, Диана Крюгер жана анын жолдошу, америкалык актёр Норман Ридус ымыркайы тууралуу эч кандай билдирүү жасаган эмес. Белгилүү түйгөйлөр буга чейин жеке жашоосун сыр тутуп, наристе күтүп жатканын коомчулуктан жашырып келген. Бирок түгөйлөрдүн жакындары мындай жакшы жаңылыкты коомчулуктан жашыра алган эмес.
"Басып жүргөн өлүктөр" тасмасы аркылуу таанылган актёр Диана Крюгер менен "Асман" тасмасына тартылуу учурунда таанышып, мамиле куруп баштаган.