"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Ырчы Руслан Абылов: "Санташ айылында концерт болбой турганын 5 саат мурун билдиргем, элден кечирим сурайм"

Буга чейин окурман "Элдик кабарга" ырчы Руслан Абылов 5-ноябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Санташ айылында белгиленген концертине келбегенин кабарлаган.

"Айыл эли концерт коюла турган жерге чогулуп, суукта күтүп отурушту. Бирок ырчы келген жок. Айылдыктарга боло берет дегениби?" - деп жазган окурман.

Бул боюнча SUPER.KG порталы Абыловго байланышып, белгиленген концертинин берилбей калганынын себебин сурадык. Айтымында, ошол күнү ырчынын унаасы бузулуп, Бишкектен Ысык-Көлгө жолго чыга албай калган.

"Ооба, 5-ноябрда Санташ айылына концерт берүү пландалган эле. Ага чейин афишалар илинип, айыл тургундарына жарыяланган. Ошол күнү унаам бузулуп, оңдотуу көп убакытты алып койду. Үлгүрбөй турганыма көзүм жеткенде клубдун башчысына чалып, концерттин болбой турганын айттым. Ал "элдин баарына бул маалыматты кантип жеткирем, көргөндөргө айтам" деген. Концерттин болбой турганын укпагандар кечинде клубга келип алышыптыр. Мен убара тарткан бардык адамдардан кечирим сурайм, буюрса, башка күнү барып концерт коюп кетем", - деди ал.

Ошондой эле ырчы азыркы учурда Түптүн айылдарына концерт коюп жүргөнүн кечээ Корумду айылында концерт өткөнүн кошумчалады.

Айта кетсек, Руслан Абылов "Башка жанга чалба", "Кайдасың", "Кыргызымдын сулуу кыздары", "Дария" жана башка ырларды аткарат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
SHAHDAR
2018-11-07 14:50:25
5 кун мурун билдиргем десе жарашмак.
5 саат деген ото эле уят го
+5
Benazir08
2018-11-07 14:52:10
Уят да машина бузулса дос чар деген жокпу? Эми койсон бекер кой
+9
adiaza
2018-11-07 15:43:40
Азыр эмне 20 кылым беле машинам бузулуп калды деп азыр такси ар бир кишиде бирден машина досторунан деле суранса болот эле да бул деген ишенчилиги жок адам турбайбы эгер желаниясы бар болсо жоктон барды чыгарса болот
+5
Kgda
2018-11-07 15:55:20
Биздин Уч эмчек айылына да келип концерт койсон жакшы болмок Руслан.
-5
Gulirka
2018-11-07 16:37:37
Хаааааххахаха озун звезда сезип алыптырго
+4
Kroxa
2018-11-07 22:22:02
Ушундай ырчы бар беле??жок шылтоону айтпачы 5 саат мурун айтпай эле койсон болмок..
Афиша илинген сон айылдарда 5кун даярданышат концерт болот экен деп...
-1
adiaza
2018-11-08 01:52:14
Бул кайдан чыга калган ырчы тааныбайт экем коп болдубу ырдап жургонуно же бул да бир ыр чыгара калып клип тарта коюп озун звезда сезгендерденби
0
Azatbek.Svoboda.
2018-11-08 02:20:28
Кыргызстанда артистердин заманы болуп калыптыр квартира машина алганы да ушул артистер!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан