Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында күйөө баласы балта менен чапкан кайната ооруканадан чыгарылат. Бул тууралуу 7-ноябрда SUPER.KG порталына Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Жалалидин Рахматуллаев билдирди.
"Күйөө баласы балта менен чапкан кайнатанын абалы жакшы. Ал өз алдынча басып калды. 9-ноябрда бейтап ооруканадан үйүнө чыгарылат. Калган дарылануусу үйүндө болот", - деди башкы дарыгер.
23-октябрга караган түнү саат 01:00 чамасында Ош облусунун Ноокат районунун 26 жаштагы тургуну кайнатасынын үйүнө кирип, уктап жаткан кайнатасы менен кайненесин колдоруна жана баш сөөгүнө балтанын туюк жагы менен чаап, денелерине оор залал келтирип, окуя болгон жерден качып кеткен. Шектүү 24-октябрда Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы мечиттердин биринде жашынып жүргөн жеринен кармалган. Жабырлануучулардын келининин айтымында, күйөө бала аялынын "ажырашам" деп айтканына өчөшүп ушул ишке барган. Ал эми кийинчерээк алган жаракатынан 62 жаштагы кайнене каза болуп калган.