Чүйдө Апрель окуясында жоголгон куралды сактап жүргөн адам кармалды

Бишкекте Апрель окуясында жоголгон куралды сактап жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-октябрь күнү Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери 56 жаштагы Т.Т. аттуу жаран кармаган. Анын үйүнүн ичине тинтүү жүргүзүүдө Макаров үлгүсүндөгү тапанча жана 6 ок табылган. Табылган куралга экспертиза жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 2010-жылдагы Апрель окуясында жоголгон курал экени аныкталган. Бул факты боюнча Ысык-Ата РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал эми кармалган шектүү 2 айга камакка алынган.

Ошондой эле кылмышка шектүү буга чейин да "адам өлтүрүү", "алдамчылык" беренелери боюнча соттолуп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган. Учурда бул боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
shergazy9
2018-11-07 20:15:30
Элди ушулар эле аткан ак уйдогу бакиев эмес оппозициядагы атамбаев туготкон
Крим авторитеттерди жалдап барып аттырган
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан