Бишкекте белгисиз адам жолдо бараткан 90 жаштагы абышканы сабап салды

Бишкекте белгисиз адам жолдо бараткан 90 жаштагы абышканы сабап салды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 8-ноябрда SUPER.KG порталына шаардык милициядан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, окуя 7-ноябрь күнү Жибек-Жолу жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анда азиат түспөлүндөгү болжол менен 35-40 жаштагы адам 1929-жылы туулган жаранды көчөдө бараткан жеринен ур-токмокко алган. Натыйжада 90 жаштагы абышка жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Учурда аны сабаган адам изделип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
kechirmeni
2018-11-08 10:45:12
ий колун сынгыр, неге сабайсын жардам бергендин ордуна, 90 жаштагы адамды сабагыдай ушунчалык алсызсынбы
+9
Kulatov
2018-11-08 11:24:37
90 жаштагы абышкага күчү жетиппи өзү менен теңдерге күчүн көрсөтпөйбү ошондой эле урушпайбы
+5
ekaterinburg
2018-11-08 11:37:41
Жинди го...
+3
bond02
2018-11-08 12:05:42
Созсуз табуу керек аны.
+4
talaa11
2018-11-08 12:10:55
Издеп таап катуу жаза бергиле акмак экенго таза
+6
Bars88
2018-11-08 12:26:42
Бизде кыйын баатырлар кобоюп кетти озу.Качан болсо карыган кишилерге кучун корсотуп атышат.Ушундай эле кыйын болсо чыксын рингге
+5
Nanei
2018-11-08 12:39:52
Муну да подстава деп алгыла эми
-3
Rembo2018
2018-11-08 14:18:39
Колун ХХХХХХХХХ
0
admin_superstan
2018-11-08 16:22:35
Rembo2018, коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга жол берилбейт! БАНга!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан