Орусияда үй-жайы жок адамды өрттөп жиберген баланын апасына жүз рубль айып салынды

Орусияда үй-жайы жок адамды өрттөп жиберген баланын апасына жүз рубль айып салынды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя Орусиянын Пермь аймагында болгон. 10 жаштагы мектеп окуучусу ойноп жатып жер төлөдө уктап жаткан үй-жайсыз адамды өрттөп жиберген. Алган күйүгүнөн улам 38 жаштагы адам каза болуп калган.

"Биз, досум экөөбүз кагазды өрттөп, үй-жайы жок киши уктап жаткан тепкичтин астына ыргытып ойноп жатканбыз. Анын кийими күйүп, жинденгени бизге кызык болчу. Бирок биз ыргыткан кагаз тийгенде анын кийимдери баштан аяк жалындап күйүп кеткендиктен ал өрттү өчүрүүгө жетишпей калды", - деп айткан бала өз көрсөтмөсүндө.

Бала 14 жашка толо электигине байланыштуу сот анын апасына жашы жете элек балдарды тарбиялоодо тиешелүү милдеттерин аткарбаганы үчүн административдик жазага тартууну чечкен. Баланын мурда бейбаштык иштерге аралашпаганы эске алынып, анын апасына 100 рубль өлчөмүндөгү айып пул салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Munar92
2018-11-08 12:12:18
100 рубль или 100000 рубльбы
-1
Бекболот Сарыбаев
2018-11-08 12:32:10
Munar92, 100 (жүз) рубль.
+1
Azatbek.Svoboda.
2018-11-08 12:50:47
Детские колонага айдаш керек эле!Адамдын тагдыры 100 рубиль болуп калдыбы?Эч кимиси жок болсо эле ошенте береби!Башкалар аны кайталашат 100рубил берсе бутот экен уйсуздорду ортойлу дешип! Эртен озун же оз балан ошондой болуп калбасын!!!
+5
Benazir08
2018-11-08 15:01:46
Azatbek.Svoboda.,рубил деп элементарный нерсени туура жазып уйронолучу тууганым. Жок дегенде т9 ди жандырып алын озу эле тууралап коет. Уят-уят
+3
Talgat89
2018-11-08 13:44:00
Жалко бечара бомжга. Эгер орустун итин же мышыгын орттоп жиберсен анда 100 000 рубль штраф толотуп алмак. Азыркы жашоодо адамга караганда ит кымбат, мышык олтургонго караганда адам олтуруу женил болуп калды. Кудай сакта.
+2
Letchik-bolgum-kelchuu
2018-11-08 14:56:52
Орусиянын законунда ошондой жазылган. Баласына жакшы тарбия бербеген ата энеге 100 дөн 500 рублге чейин айып салынат. Ал жерде сот ошол мыйзамдын чегинде иш алып барган. Өткөндө Крымда теракт жасаган баланын ата энесине да 500 рубль айып салынды. Болбосо ал жерде канча адам өлдү. Мыйзамда ошол штраф каралган.
+1
Letchik-bolgum-kelchuu
2018-11-08 14:57:00
Орусиянын законунда ошондой жазылган. Баласына жакшы тарбия бербеген ата энеге 100 дөн 500 рублге чейин айып салынат. Ал жерде сот ошол мыйзамдын чегинде иш алып барган. Өткөндө Крымда теракт жасаган баланын ата энесине да 500 рубль айып салынды. Болбосо ал жерде канча адам өлдү. Мыйзамда ошол штраф каралган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан