Бишкекте "90 жаштагы абышканы ур-токмокко алган" деген шек менен чапан кийген, сакалчан адам изделүүдө. Учурда аны издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда SUPER.KG порталына милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 90 жаштагы шаар тургунун ур-токмокко алган жаран азиат түспөлүндөгү болжол менен 35-40 жашта, бою 175-180 сантиметр, орто дене түзүлүштөгү адам.
Эске салсак, окуя кечээ, 7-ноябрь күнү Жибек Жолу жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан базардын жанында орун алган. Анда белгисиз адам көчөдө кетип бараткан улгайган кишини сабап, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Натыйжада 90 жаштагы абышка жаракат алып, ооруканага жеткирилген.