Зимбабведе 2 автобус сүзүшүп, 47 адам көз жумду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кырсык 7-ноябрь күнү кечинде Маникаленд провинциясындагы Русапе шаарына жакын жерде болгон.
"Азыркы тапта 45 кишинин жана 2 баланын жансыз денеси табылган. Кырсыктан жабыр тарткандардын жана көз жумгандардын саны дагы көбөйүүсү мүмкүн. 2 автобустун ичинде жалпы канча адам болгону жана кырсык эмнеден улам келип чыкканы такталууда", - деп жазылат маалыматта.