Бишкекте көпүрөдөн секирген 19 жаштагы келинди милиция кызматкерлери куткарып калышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, келинди "Шумкар" атайын багыттагы полкунун кызматкерлери көрүп калышкан.
"6-ноябрь күнү кечки саат 21:30 чамасында "Шумкар" атайын багыттагы полкунун кызматкерлери борбордогу Лев Толстой көчөсүндөгү көпүрөгө чыгып турган кызды көрүшкөн. Бир аздан соң ал көпүрөдөн секирүүгө аракет кылып жатканын байкашып, ал жерге кызматкерлер чуркап барышкан. Ал убакта кыз секирүүгө аракет кылганда, алар анын кийиминен кармап куткарып калышкан.
Алгачкы текшерүүдө өз жанын кыйгысы келген келин Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну экени аныкталган. Ал мындай кадамга үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам барганын айткан. Анын айтымында, ал жарым ай мурун турмушка чыккан.
Келинди окуя болгон жерден туугандары алып кетишкен", - дешти ИИМден.