SUPER TV`да "Жылдыздан жылдызга суроо" берүүсү старт алды. Андагы алгачкы конок Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, "Биз" тобунун жетекчиси - Бактияр Токторов. Ал өзүнө суроо берген ырчылар Мирбек Атабеков, Аваз Акимов, Айдана Дека, "тамашоучу" Самат Эркинбеков, куудул Гүлжайна Атаканова жана жакында эле чыгармачылыкка жең түрө киришкенин айткан Гүлзат Мамытбектин суроолоруна таамай жооп берди.
Алардын арасынан "Шоу чөйрөсүндөгү атактуулардын ичинен ким менен мушташат элеңиз?" деген суроого "Артисттердин баары менен тең күч сынаша берем", - деп жооп берди.
Ал эми калган атактуулар ырчыга кандай суроо беришти жана Бактияр Токторов алардын суроолоруна эмне деп жооп бергенин көрүү үчүн төмөнкү видеоматериалга назар салыңыз.