Баткен облусунун Лейлек районунда Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кубаныч Баяновго ок чыгарган адам кармала элек. Ал эми Баяновдун абалы учурда оор бойдон калууда. Маалыматты Жаңы-Жер айылынын тургуну SUPER.KG'ге билдирди.
"Айылдык кеңештин төрагасы Баянов учурда ооруканада, абалы болсо туруктуу оор. Аны атып кеткен окуя боюнча алдын ала эч нерсе деп айта албайм. Өчөшкөн деле эч кимиси болгон эмес, бирок көрө албастыктан келип чыгышы мүмкүн. Окуяга шектүү катары эч ким кармала элек. Бирок иликтөөнүн алкагында кошуналары суралып жатат. Шектүү жабырлануучуну артынан мергенчиликте колдонулуучу бытыра менен аткан. Ок жоон ичегисин катуу жабыркаткан экен. Бытыранын бирөө көзөп өтүп, төртөө ичинде калган. Азыр абалы оор болгондугуна байланыштуу башка ооруканага которуп жылдырууга болбойт дешти доктурлар", - деди тургун. Маалым болгондой жабырлануучу үй-бүлөлүү жана 3 баланын атасы.
Эске сала кетсек, Баткен облусунун Лейлек районунда айылдык кеңештин төрагасын 5-ноябрдан 6-ноябрга караган түнү атып кетишкен. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренеси менен кылмыш иши козголгон.