Бишкекте көпүрөдөн секирүүгө аракет жасаган 19 жаштагы келинди эки ай мурун ала качып кеткен. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматкери Адила Тыналиева билдирди.
"Көпүрөдөн секирүүгө аракет кылган келин биздин кызматкерлерге аны эки ай мурун ала качып кетишкенин, ошол күнү жолдошу менен урушуп андан соң ушул ишке барганын айтып берген. Келинди куткарып калган соң, ал окуя болгон жерге аталаш агасын чакыртып, ал келип алып кеткен. Учурда толук түрдө Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тергөө жүргүзүп жатышат", - деп билдирди Тыналиева.
Эске салсак, 6-ноябрь күнү кечки саат 21:30 чамасында "Шумкар" атайын багыттагы полкунун кызматкерлери борбордогу Лев Толстой көчөсүндөгү көпүрөдөн секиргени жаткан келинди куткарып калышкан.