Бүгүн, 9-ноябрда корей актрисасы Гу Хе Сон 34 жашка чыкты. Ал көпчүлүккө "Мыкты жигиттер" сериалындагы идеалдуу кыз Гым Чан Динин образы менен белгилүү.
Ал кичинесинде ырчы болгусу келчү. Тырышчаактыгынан өзү окуган колледжде достору менен вокалдык топ түзүүгө жетишкен. Бирок ага "сенин жан дүйнөң музыкага жакын болгону менен, келечегиң актрисалык" деп айтышкан. Устатынын сунушу менен Хе Сон 2004-жылы "Анаграмма" аттуу коркунучтуу фильмге тартылат. Ал эми ага атактуулукту 2009-жылы тартылган "Мыкты жигиттер" сериалы алып келген. Күйөрмандары андан автограф сурап, аны көрүү үчүн узун кезекке турушкан.
Гу Хе Сон "Мыкты жигиттер" драмасынан кийин актриса катары гана эмес, ырчы, сүрөтчү, жазуучу, ырлардын автору, режиссёр, продюсер жана сценарист катары таанымал боло алган.
Ал сценарий жазып "Сыйкыр" ("Магия"), "Таттуу эскерүүлөрдүн бири" ("Фрагменты сладких воспоминаний") жана "Кызым" ("Дочь") сыяктуу бир нече тасмаларды тарткан. 2011-жылы өзүнүн "Gu Hye Sun Film" компаниясын негиздеп, эң алгач "Шабдалы дарагы" ("Персиковое дерево") тасмасын тартышкан. Тасмаларындагы ырларды жана ага саундтректтерди өзү жаратат.
Ал эми анын 2009-жылы жараткан жарым автобиографиялык "Танго" романы бестселлер катары эсептелет.
Актрисалыкты да улантып, "Бизге кам көрүңүз, капитан", "Периштенин көзү" жана "Кан" дорамаларына тартылган.
Жеке жашоосу
2015-жылдан тарта "Кан" дорамасындагы өзүнөн 3 жаш кичүү кесиптеши, актёр Ан Чжэ Хён менен мамилеси жакындап, 2016-жылы 21-майда ага турмушка чыккан.
Кызыктуу
9-ноябрга карата жылнаама.