Бүгүн, 8-ноябрда Талас шаарындагы Талас облустук Капар Медетов атындагы музыкалык драма театрында өткөрүлгөн республикалык айтыш сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Айтыш" коомдук фондунун теңтөрагасы Асылбек Муратов билдирди.
Белгилүү болгондой аталган сынакка жалпы 16 акын катышкан.
1. Абдылда Нуралиев
2. Амантай Кутманалиев
3. Баян Акматов
4. Болот Назаров
5. Асылбек Маратов
6. Чыңгызхан Кожошов
7. Кутман Садыбакасов
8. Арген Биймырза уулу
9. Кадырбек Бейшенов
10. Мамелбек Исраилов
11. Жылдызбек Төрөканов
12. Элмирбек Иманалиев
13. Мамабектокто Мамбет Орозо
14. Эламан Келдибеков
15. Темирбек Матыбаев
16. Абубакир Бакиров.
Орун алган кызыктуу айтыштын жыйынтыгында баш байгени "Сарыкашка" акын Амантай Кутманалиев алса, 1-орунду Баян Акматов, 2-орунду Асылбек Маратов менен Абдылда Нуралиев ал эми 3-орунду Жылдызбек Төраканов менен Кадырбек Бейшенов бөлүп алышкан.