ИИМ: "Бала сатууга шектелип кармалгандардын бири соттун чечими менен үй камагына чыгарылды"

Аптанын башында Бишкекте 4 ымыркай сатканы аныкталып, камакка алынган медицина кызматкерлеринин бири үй камагына чыгарылган. Бул тууралуу комментарий алуу үчүн SUPER.KG порталы Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматына кайрылып, төмөнкүдөй жоопту алды:

"Ооба, ымыркай сатууга шектелип кармалган 5 медицина кызматкеринин бири 5-ноябрда соттун чечими менен үй камагына чыгарылды. Ал ага тагылган айыптан бошотулган жок, Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын гана өзгөрттү. Эмне себептен экенин биз айта албайбыз, себеби соттун чечими боюнча комментарий бере албайбыз", - деп билдиришти ИИМден.

Ал эми кылмышка шектелип кармалгандардын ичинен кимисинин баш коргоо чарасы өзгөртүлгөндүгү боюнча суроо жоопсуз калды. Такталбаган маалыматтар боюнча Э.Чудубаева аттуу гинеколог үй камагына чыгарылган.

25-сентябрда ИИМдин коллегиялык жыйынында Бишкек ШИИББинин башчысы Сталбек Рахманов ымыркай сатууга шектелген 5 дарыгер соттун чечими менен СИЗО-1ге 2 айга камакка алынганын жана алар тарабынан 4 ымыркай сатылгандыгы аныкталганын билдирген. Буга чейин бала сатууга шектелип кармалган медицина кызматкерлерине "адам сатуу", "жасалма документ жасоо", "мыйзамсыз аборт жасоо" беренелери менен кылмыш иштери козголгон. Белгилүү болгондой, бала сатууга шектелип кармалгандар - №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 1 гинекологу, №18-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 2 гинекологу, дагы экөө Бишкектеги төрөт үйлөрдүн биринин кызматкерлери экени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Anarik87
2018-11-09 10:25:50
Кудайдан коркбогон айбандар.милициялар не акча алып ишти жаап койду да
+1
uli1234
2018-11-09 10:29:12
Депутаттардын таныштарынан окшойт да бала сатууга чондор да аралашканда башкаларыда чыгып кетет. Каттуу жаза колдонуш керек башкаларына да сабак болсун
0
bond02
2018-11-09 12:44:04
Бирден чыгара бергиле эми соодалашып.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан