Америкалык актриса Мег Райан 67 жаштагы сүйүктүүсүнө турмушка чыкты

Америкалык актриса, продюсер Мег Райан америкалык музыкант Жон Мелленкампка турмушка чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, түгөйлөрдүн үлпөт тою Индиана штатында өтүп, ага 20дай гана адам күбө болгон. Тойдо Мелленкамп сүйүктүүсүнө арнап чыгарма аткарган. Мег Райан менен Жон Мелленкамп 2011-жылы таанышып, 2017-жылы никелешкен.

Маалымат үчүн: Жон Мелленкамп 67 жашта. Музыкант үч ирет үйлөнүп, 5 балалуу болгон. Ал эми Мег Райан 57 жашта. Ал буга чейин актёр Деннис Куэйд менен баш кошуп, 2 балалуу болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
arena2014
2018-11-10 00:40:31
Эркек жаш корунот экен а барибир)
0
ziash85
2018-11-10 13:18:44
Карыганда калжыңдашыптыр го таза
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан