Бишкекте "90 жаштагы абышканы ур-токмокко алган" деп шектелген жаран милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда SUPER.KG порталына милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иликтөө жана издөө иштеринин алкагында кылмышка шектелген адам кечээ, 8-ноябрда кечинде кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул факт боюнча иликтөө иштери улантылууда.
Эске салсак, окуя кечээ, 7-ноябрь күнү Жибек Жолу жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан базардын жанында орун алган. Анда белгисиз адам көчөдө кетип бараткан улгайган кишини сабап, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Натыйжада 90 жаштагы абышка жаракат алып, ооруканага жеткирилген.