"Сулуулук дүйнөнү сактап калат" аттуу ураандын автору, италиялык актриса, модель, сулуулуктун эталону болгон Моника Беллуччи сүйүктүүсү тууралуу үн катты. Ал чет элдик басылмалардын бирине берген маегинде: "Көп убакыттан бери сүйүү мамилесин куруп келем. Бактылуумун", - деген.
Моника Беллуччи сүйүктүүсү шоу чөйрөсүнөн эмес экендигин айткан.
"Мен ал мырза менен көп убакыттан бери сүйлөшөм. Бирок аны коомчулукка жакшы же жаман деп айта албайм. Ал адам шоу чөйрөсүнөн алыс. Бирок саякатка көп чыгат. Ал адамдын ким экендигин ачык айтпайм, бирок мен өз тандоомду туура деп эсептейм. Мен бактылуумун", - деген ал.
Актриса жеке жашоосу тууралуу маалыматтарды коомчулукка жарыялабай келет. Ал тургай мурунку жолдошу, актёр Венсан Кассел менен ажырашкандыгы тууралуу дагы комментарий берген эмес. Моника Беллуччи Венсан Кассел менен 5 жыл кыз-жигит мамилесинде жүрүп, 1999-жылы баш кошушкан. Моника 40 жашында эне болуу бактысынын даамын таткан. Моника жана Венсандын Дева жана Леони аттуу кыздары бар. Бирок 2013-жылы дүйнө жүзүнө белгилүү болгон түгөйлөр расмий түрдө ажырашкан. Алардын мамилеси туура 19 жылга созулган.
Актёр Венсан Кассел 2018-жылы модель Тина Кунакиге үйлөнгөн.