Орусияда курулушта иштеп жаткан 21 жаштагы Кыргыз жараны 11-кабаттан кулап кетип каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда орусиялык маалымат каражаттары жазууда.
Маалыматка ылайык, кырсык 7-ноябрь күнү Сестрорецк шаарындагы жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдө орун алган. Анда 11-кабатта иштеп жаткан Кыргыз жараны көп кабаттуу үйдүн сырткы бетин жасалгалап жаткан учурда өзү жасаган курулуш бешиги үзүлүп кетип түшүп кеткен. Натыйжада ал 4-кабаттын бүтө элек балконуна түшүп, оор жаракаттардан улам каза болуп калган.
Учурда бул факты боюнча Санкт-Петербург шаарынын тиешелүү мекемелери териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.