АКШнын Калифорния штатындагы Таузенд-Окс шаарында белгисиз жаран барга кирип 12 студентке ок чыгарып, акырында өзүн-өзү атып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя кечээ, 8-ноябрда Таузенд-Окс шаарындагы барлардын биринде орун алган. Анда белгисиз адам барда эс алып отурган студенттердин үстүнө кирип барып ок чыгарган. Натыйжада 11 студент октон каза болуп, 1 полиция кызматкери да көз жумган. Кийин ок чыгарган белгисиз жарандын да жансыз денеси табылган. Эс алып отургандар октон сактануу үчүн бардын айнектерин талкалап качып чыгышкан.
Учурда ок чыгарган адамдын аты-жөнүн тактоо иштери жүрүүдө. Ошондой эле ок тийген 12 адам ооруканага жеткирилгени маалым болду.