Жалал-Абадда жол кырсыгынан 18 жаштагы айдоочу каза болуп, дагы бир айдоочу ооруканага жеткирилди

Ноокен районунун Сакалды айыл аймагынын Аримжан айылында жол кырсыгы катталып, айдоочу каза болуп, дагы бир айдоочу жаракат алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 7-ноябрь күнү болжол менен саат 21:00 чамасында катталып, анда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа менен ВАЗ-2104 үлгүсүндөгү унаасы сүзүшкөн.

"З.А. аттуу 45 жаштагы айдоочу өзүнүн Мерседес Бенц унаасы менен Аримжан айылынан Сакалды айылын көздөй бара жатып, каршы тилкеде келе жаткан ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен ВАЗ 2107 унаасынын айдоочусу 18 жаштагы Б.А.ны Ноокен аймактык ооруканасына алып бара жаткан жолдо каза болгон. Ал эми Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусу денесинен алган жаракаттарынан улам ошол эле оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылган", - деп билдирет аталган бөлүмдөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан