Жалал-Абадда жол кырсыгынан бир адам каза болуп, 7 адам ооруканага жеткирилди

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Акман айыл аймагында жол кырсыгы катталып, бир адам каза болуп, 7 адам жаракат алды. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 9-ноябрда саат 11:00 чамасында катталган.

"Жол кырсыгында эки унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 7 адам Базар-Коргон райондук ооруканасына жеткирилсе, бир адам каза болду. Учурда тийиштүү кызматкерлер окуя болгон жерде иш алып барышууда. Алдыда маалыматтар толук топтолуп, кошумчаланат", - деди басма сөз кызматкери.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
mirlanpiter
2018-11-09 12:59:26
Жолду оңдоонун кереги жок,жаман жолдо учуруп айдашат летчик ака укалар
0
Michelangelo
2018-11-09 15:08:31
Жолдун кеңдиги тар анан яма, ямадан качам деп, сүзүшкөн го. Кең жол кылса авария азыраак болмок
+3
nuru95kg
2018-11-10 02:16:55
илгери Ат ка минип сапарга чыкканда Ата-Эне жакындарынан Дуа алып же оздору Дуа кылып Сапарга чыкчуу экен азыркы Машина мингендер давай тезирек жетели деп газды болушунча басат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан