Бишкекте супермаркеттердин биринде 25 жаштагы жаран кан тамырын кесип салды

Бишкекте супермаркеттердин биринде 25 жаштагы жаран өз кан тамырын кесип алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 9-ноябрда саат 8:00 чамасында болгон. Соода жайына кирген жаран ал жактан лезвия сатып алып, өз кан тамырын кесип салган. Дүкөндүн кызматкерлери ага биринчи жардам көрсөткөн соң, "Тез жардам" чакырып, милицияга кабар беришкен.

"Өз өмүрүнө кол салган жаран 25 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну экени белгилүү болду. Ал мас абалында болгон. Учурда ооруканада дарыланып жатат. Эмне себептен мындай кадамга баргандыгы териштирүү иштери бүткөндөн кийин белгилүү болот", - деп билдиришти шаардык милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
dastan.bujun
2018-11-10 09:46:58
Акмак дегенден башка соз жок.
+4
Eldar6724
2018-11-10 10:21:36
Алкаголь дегенден башка соз жок
+8
asad9
2018-11-10 10:46:23
Кайсы супермаркет алмин
0
trabzon11
2018-11-10 11:27:44
Mal eken..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан