Америкалык рэпер Канье Уэст клип тарттырып жатканда белгисиз адамдар ага карата ок чыгарышты

Америкалык рэперлер Канье Уэст жана Tekashi69 (толук аты-жөнү Даниэль Эрнандес) клип тарттырып жатканда аларга карата белгисиз адамдар ок чыгарышты. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, окуя Калифорния штатындагы хан сарайлардын биринде болгон.

Күбөлөрдүн айтымында, белгисиз адамдар унаасынан түшпөй эле 7 ирет ок чыгарган. Анын кесепетинен бир ок тартуучу топ иштеп жаткан бөлмөнүн терезесине тийген. Окуя болгон жерге полиция жана "Тез жардам" кызматкерлери келген. Бактыга жараша, музыканттар жаракат алган эмес.

Полиция кызматкерлери кылмышкерди кармай алган эмес. Учурда аталган окуя боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2018-11-10 18:23:56
Бул реперде да акча саман да,ошонун кесепети болсо керек да.Ким Кардашьяндын куйоосу болуш керек еще бул.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан