Санкт-Петербургда "Лента" ири соода дүкөнүнөн өрт чыгып, бир адам жеңил жаракат алды

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы "Лента" ири дүкөнүнөн өрт чыгып, учурда чектөөгө алынды. Бул тууралуу орус маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы тууралуу кабар бүгүн, 10-ноябрда Москва убактысы боюнча эртең мененки саат 08:30дар чамасында келип түшкөн. Учурда өрт толугу менен чектөөгө алынды.

Өрттүн кесепетинен дүкөндүн 4800 чарчы метр аянты күйүп, миңге жакын адам эвакуацияланган. Кырсыктын кесепетинен 1 адам жеңил жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсык электр жабдыктарынын жарактан чыгышынан улам келип чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jugorsk
2018-11-10 19:27:03
Балтийский метродогу лентаго
0
Gulnyr19
2018-11-10 22:40:18
jugorsk,ошондой дейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан