Америкалык топ модель Белла Хадид жолугушууга кийип барган көйнөгү үчүн сынга кабылды. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, модель "Victoria's Secret Show-2018" шоусунан кийин кечеге баруу үчүн денеси көрүнгөн көйнөк кийген. Көйнөктөн моделдин дене мүчөсү даана көрүнүп тургандыктан, айрым күйөрмандары сынга алган.
Белгилүү болгондой, Белла Хадид сүйүктүүсү The Weeknd менен Нью-Йорктун көчөлөрүнүн биринде жүргөнүн папараццичилер тартып алган. Адатта папараццичилердин камерасынан качкан жылдыздар, бул ирет жылмайып гана тим болгон.
Белла Хадид кийинүүдө денеси көрүнгөн жука кездемелерге басым жасап келет.