Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар Москвадагы кинотеатрларда көрсөтүлүүдө
Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар Москванын бир катар кинотеатрларында көрсөтүлүп жатат. Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин маалыматына ылайык, иш-чара Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата уюштурулган.
Иш-чара 4-ноябрдан 14-ноябрга чейин өтүп, анда “Ак кеме”, “Кызыл алма”, “Караш ашуусунда”, “Бойго жете электерге бейтапкана", “Ак илбирстин тукуму”, "Аптап" (“Зной”), "Фудзиямага чыгуу" жана башка тасмалар көрөрмандарга тартууланат. Кинодекада “Звезда”, “Факел”, “Юность” кинотеатрларында өтүп жатат. Мындан тышкары Орусиянын ар кайсы аймактарында Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата ар кандай багыттагы иш-чаралар уюштурулуп жатканы маалымдалды.
Жазуучунун 90 жылдыгын Кыргыз өлкөсүндө жана эл аралык деңгээлде белгилөө боюнча былтыр президенттин жарлыгы чыккан.