Бразилияда жер көчүп, 14 киши каза болду

Бразилиянын Рио-де-Жанейро штатындагы Нитерой аймагында жер көчкүдөн 14 адам каза болду. Ыктыярчы куткаруучулар 11 адамды аман алып калууга үлгүрүшкөн. Дагы 4 киши дайынсыз болуп жатат. Маалыматты чет элдик басылмалар жазууда.

Кырсык 10-ноябрь күнү кечинде орун алган. Ондогон турак үйлөр жабыркап, коомдук имараттар кыйраган. Жүздөгөн куткаруучулар жана ыктыярчылар дароо дайынсыз болуп жаткан адамдарды издөөгө алышып, 11 адамды тирүү куткарууга үлгүрүшкөн. Куткарылгандар ар түрдүү жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

Табият кырсыгы катуу жааган жамгырдан улам катталган. Жергиликтүү бийлик кырсык дагы кайталанышын алдын алуу максатында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ziash85
2018-11-11 21:37:29
МЧС эскертүү берип көзөмөл кылган эмес бекен?бирок кырсык кабак -каштын ортосунда дейт го
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан