8-ноябрга караган түнү Тажикстандын Хожент шаарында жайгашкан түрмөдө жаңжал чыгып, 25 кылмышкер октон каза болуп, айрымдары качып кеткени айтылган. Окуядан кийин чет элдик ЖМКлар кагылышуу учурунда каза болгондордун сүрөтүн жарыялап, алардын саны 47ге жеткенин жазышты. Ал эми "Ахбор" басылмасы өздүк булактарына таянып, алган жаракатынан улам ооруканада жаткандардын саны учурда 200дөн ашканын кабарлады.
Бирок өлкө бийлиги жаңжал учурунда канча адам каза болуп, канчасы жаракат алганын азырынча расмий билдире элек. "Ахбор" басылмасынын маалыматына караганда, Сугдск облусунун прокурору Хабибулло Вохидзода бүгүн, 12-ноябрда журналисттерге маалымат жыйын куруп, расмий маалымат таратат.
Белгилүү болгондой, түрмөдөгү жаңжал "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөсү катары соттолгон кылмышкерлер тарабынан уюштурулган.