Бишкекте өзү иштеген унаа жуучу жайдан унаа уурдаган жаран кармалды

Бишкекте унаа жуучу жайдан унаа уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу 12-ноябрда шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 6-ноябрь күнү шаар тургуну Октябрь РИИБине арыз менен кайрылган. Жазган арызында бир күн мурун унаа жууган жайлардын биринен Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаасын уурдатканын айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (автомобилди же башка автотранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) менен иш козголгон. Ал эми милиция кызматкерлери шектүү катары мурда соттолгон 26 жаштагы М.у.А. аттуу жаранды кармашкан. Шектүү аталган унаа жуучу жайда иштеп келгени аныкталган. Учурда кылмышка шектүү 1 айга СИЗО-1ге камакка алынып, тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
abusait
2018-11-12 14:06:14
А машина кайда экен? Кайтарып бериптирби ?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан