Мындан 1 ай мурун маданият кызматкерлеринин маянасы 80 пайызга көтөрүлгөнү айтылган. Ал ишке аштыбы?

Мындан 1 айдай мурун өлкөдөгү бир катар маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин айлык акысы 80 пайызга көтөрүлгөнү маалымдалган. Анда жазылгандай, тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Бул чечим маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Андан кийин маянасы көбөйтүлгөн мекемелердин кызматкерлери айлыгын колуна алышты. Мындан улам SUPER. KG порталы токтомдун ишке ашкандыгын сурап, кызматкерлер менен байланышты.

"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин жетекчиси Султан Абдыракманов 1-ноябрда музейдин кызматкерлери колдоруна мурдагыдан 80 пайызга жогорулаган айлык маянаны алганын айтты.

"Бардык кызматкерлердин айлыгы 80 пайызга көтөрүлдү десем туура болбой калат. Өткөн жылы техникалык кызматкерлердин айлыгы 50 пайызга көтөрүлгөн болчу. Азыр негизинен илимий кызматкерлердин жана башка кызматкерлердин эмгек акысы көбөйдү. Ошондо айлыктары сентябрдан баштап көбөйтүлгөн болсо, ноябрда ошондогу көбөйтүлгөн кошумча акчасы да эсептелинди", - деди Абдыракманов.

Ал эми Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисасы Жаңылай Исакова да бул айда колуна 80 пайызга көтөрүлгөн айлык акысын алганын белгиледи. Ал "театрда кызматкерлер буга чейин орто эсеп менен канча айлык алышчу?" деген суроого: "Орто эсепте 4-5 миң сом акча алып жүргөм, 80 пайызга көтөрүлдү дегенде чоң сумманы элестетиши мүмкүн. Албетте, мурдагыдан жакшы, бирок баары бир аздык кылат", - деди.

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин эсепчиси мындай аракеттер ишке ашып, андагы кызматкерлер көбөйтүлгөн суммадагы айлык акысын алганын тастыктады. Анын билдиргенине ылайык, кызматкерлер буга чейин орто эсеп менен 7-8 миң сом маяна алышчу.

Бирок бардык маданий мекемелердин кызматкерлеринин маянасы көбөйтүлбөгөнүнө нааразы болгондор болду. Алардын арасында аймактык маданият үйлөрү бар. Анын арасында Кыргыз мамлекеттик Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын жамааты да өздөрүнүн нааразычылыгын айтып, кайрылышкан.

"Куурчак театры – бул билим берүүнүн жана балдарды тарбиялоонун бир бутагы. Искусствонун бул түрүн алып кете алган артисттер чанда гана кездешет. Ага жан берүү, эмоция берүү, бөбөктөрдү ишендирүү, кыймылдатуу - мунун баары бир учурда болгондуктан, артисттен чеберчиликти, ийкемдүүлүктү, элпектикти, кубулуп туруучу үндү талап кылат. Ансыз да кадр маселеси жаралып жатканда, биздин театрды тизмекке кошпой койгону, жалпы жамаатты ого бетер кыжалат кылды", - деп жазылат аталган мекеменин кызматкерлеринин билдирүүсүндө.

Мындан улам биз Маданият, маалымат жана туризм министрлигине "Кызматкерлердин айлык маянасын көтөрүү үчүн мекемелер кандай негизде тандап алынды?" деген суроо менен кайрылдык. Суроого министрликтин Финансы жана мамлекеттик сатып алуулар башкармалыгынын башчысы Нурланбек Жолдошев жооп берди. Анын айтымында, айлыгы көтөрүлгөн мекемелер көптөгөн талкуулардан кийин, бир топ жагдайлар эске алынып тандап алынган.

"Ооба, биз өлкөдөгү бардык маданий мекемелердин кызматкерлеринин абалын билебиз. Колдон келсе баарынын айлыгын көбөйтөт элек. Бирок бюджетте акчанын тартыштыгынан этап-этабы менен көтөрүүнү туура көргөнбүз. Өкмөттөн бардык мекеме кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүнү өтүнгөнбүз, бул үчүн өтө көп каражат керек да. Андыктан улуттук макамдагы мекемелерди алгыла деген тапшырма болгон.

Китепкана кызматкерлеринин да айлыктары көтөрүлбөй калды, анда да аз акча менен иштеп жатышат. Буюрса, жыл сайын бир нече мекеменин кызматкерлеринин айлыктары көтөрүлөт", - деди ал.

Кызматкерлердин эмгек акысы көбөйгөн мекемелер:

- Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры;

- Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик орус драма театры;

- Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи;

- Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейи;

- "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси;

- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментине караштуу Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын кызматкерлеринин эмгек акысы көбөйтүлөт.

Мындан тышкары, төмөнкү мекемелердин профессордук-окутуучулук курамынын, концертмейстеринин жана иллюстраторлорунун кызматтык маяналарынын өлчөмү 80 пайызга көбөйтүлдү:

- Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы;

- Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы;

- С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайы;

- Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан