Беловодск айылында тепловоз сүзгөн адам каза болду

Чүй облусуна караштуу Беловодск айылында тепловоз кишини сүзүп кетип, ал каза болду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 10-ноябрда болжол менен саат 16:00дөр чамасында болгон.

"Милицияга Беловодск айылында темир жолдун боюнда азиат түспөлүндөгү 40-45 жаштардагы кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам топ барып, маркум Беловодск айылынын 54 жаштагы тургуну экенин аныкташкан", - деп билдирди маалымат кызматы.

Алдын ала маалыматтар боюнча, маркум жолго чуркап чыкканда машинист тепловозду токтотууга үлгүрбөй калып, аны сүзүп кеткен.

Азыркы тапта бардык экспертизалар дайындалып, окуянын чоо-жайы такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nazgul1905
2018-11-12 16:14:07
Окуянын чоо-жайы такталган менен жардамы болбогону эмне пайда? Аялы эсин жоготуп бугун маркумду жерге беришти,арты кайырлуу болсун!!! Кыргызстанда акыйкатчылык деген нерсе жок,кырылсан да жонокой адамдарга закон иштебейт,бул чындык!!!
0
tatum67
2018-11-12 16:17:31
nazgul1905,өзү чуркап чыкса милиция эмне кылат опей
+4
nazgul1905
2018-11-12 16:33:36
tatum67,милиция жонундо соз болгон жок,законду айтып жатамын. Эгер бул адамдын ордунда чон жумушта иштеген адам болгондо кеткен чыгымын жон эле толотуп алат эле,тушунуп жатасынбы,артында жаш балдары калды олукту коюш да бир топ акча билсен,ошону айтып жатамын,тоок эмес адам олуп жатпайбы?
0
Jigitchem
2018-11-12 23:46:04
nazgul1905,кимден ондурот кызыксын го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан