"2-8-июль күндөрү оор атлетика боюнча Кыргызстанда өткөн Азия биринчилигинде башка өлкөлөрдөн келген спортчулар биздин өлкөнү, мейманканаларыбызды, машыгуучу залдарыбызды көрүп суктанышып, “бул биз үчүн жомоктогудай” деген сөздөрүн айтышты". Бул тууралуу оор атлетика боюнча КРнын курама командасынын башкы машыктыруучусу Үсөнкан Майназаров бүгүн, 11-июлда маалымат жыйында билдирди. Ал спортчуларды жеӊиштери менен куттуктап, 14 команданын 150дөй спортчусу катышкан чемпиондукта Кыргызстан 1 гана алтын медалды жеңгени менен, жалпы командалык эсепте 1-орунду ээлегендигин белгилеп өттү. Ошондой эле Майназаров кайсы жерде чемпиондук өтсө, ошол өлкөнүн спортчулары жакшы даярдана алышпай каларын айтып, чемпиондукка психологиялык жактан даярданыш кыйын болгонун кошумчалады.