ЖЫЛНААМА, 13-НОЯБРЬ: "Чуулгандуу сүрөтчү" сериалындагы лесбиянка кыздын ролу менен таанылган Мун Чэ Уон 32 жашка чыкты

Бүгүн түштүк кореялык актриса Мун Чэ Уон 32 жашка чыкты. Ал көпчүлүккө "Чуулгандуу сүрөтчү", "Улуу мурас", "Жебелердин согушу", "Жакшы жигит" жана башка сериалдардагы образы менен белгилүү.

Туулган күнү - 13-ноябрь, 1986-жыл

Туулган жери - Түштүк Корея, Тэгу шаары

Кесиби - актриса, модель

Үй-бүлөсү - ата-энеси, агасы

Бою - 168 сантиметр

Салмагы - 46 килограмм

Мектепте окуп жүргөндө татынакай артисттерди көрүп актриса болууну кыялданган. Эң биринчи "Скумбрия, алга!" сериалына 2007-жылы тартылган.

Алгачкы маанилүү ролу катары "Чуулгандуу сүрөтчүдөгү" (2008) куртизанка кыздын ролун атоого болот.

«Чуулгандуу сүрөтчү» сериалында сүрөтчү жигитке ашык болуп, ал кийин кыз экенин ачыктаганда да сүйүүсүнөн кайтпайт.

Жарашыктуу келбети менен корей кыздарынын жүзүн дүйнөгө тааныта алган актриса режиссёрлордун көзүнө түшүп, заматта эл оозуна алына баштаган. Бир нече сыйлыктарга ээ болуп, биринчи жолу корей дорамаларынын тарыхында лесбиянка кыздардын сүйүүсү "Эң мыкты жуп" деп табылат.

2009-жылы Кореядагы кызыгуу жараткан "Улуу мурас" сериалына тартылган. Анда 2-планда образ жаратканына карабастан, башкы ролдогу Хан Хё Чжуну артта калтырып, Азиядагы актрисалардын арасынан көрүүчүлөрдүн 71 пайызынын добушуна ээ болгон.«Улуу мурас» дорамасында назиктиги жана сабырдуулугу менен башкы каарманды артта калтырган.

2011-жылы актрисага "Жебелердин согушу" аттуу тарыхый тасмадан сунуш түшүп, андагы кайталангыс образы үчүн "Эң мыкты жаңы актриса" деп табылат.

«Жебелердин согушу» тасмасына тартыларда актриса профессионалдуу жаа атууну жана ат чабууну үйрөнгөн.

Ушул эле жылы "Ханбийкенин сүйүктүүсү" аттуу сериалда башкы каармандын ролу сунушталат. «Ханбийкенин сүйүктүүсү» сериалында махабаты үчүн атасынын адилетсиз кадамдарына каршы күрөшкөн ханбийкенин образын чагылдырган.

Дораманын алгачкы сериялары жарыкка чыкканда көрөрмандар тарабынан сын-пикирлер көп айтылган, ага карабастан актриса алардын пикирлерин өзгөртүүсү үчүн бардык аракетин жумшаган жана сериалдын аягында тасма элдин сүйүктүү дорамасына айланган.

Тарыхый сериалдардагы ийгиликтеринен кийин Мун Чэ Уон заманбап тасмаларга тартылууну чечип, "Жакшы жигит" сериалында актёр Сон Чжун Ки жана Пак Си Юн менен чогуу "сүйүү үч бурчтугун" чагылдырган.

«Жакшы жигит» сериалында өгөй апасынын мурунку сүйүктүүсүнө ашык болуп, жигит болсо экөөнө тең байланып, аягында үчөө үч башка жолду тандоого аргасыз болушат.

Ал эми 2013-жылы медицина тармагына болгон кызыгуусунан улам "Мыкты дарыгер" дорамасында роль жараткан.

«Мыкты дарыгер» сериалына актриса өзү каалаганы үчүн катышып, бардык актёрлордун сөздөрүн жаттап алып тартуу учурунда ар бирине жардам берип таң калтырган.

2016-жылы көпчүлүктүн көңүл борборунан орун алган "Бүгүнкү маанай" тасмасында роль ойногон.

«Бүгүнкү маанай» тасмасынан кадр

Актриса ар бир ролду берилүү менен ийине жеткире аткаргандыгы жана жөнөкөйлүгү менен да эл оозунан түшпөйт.

"Чуулгандуу сүрөтчүдөгү" актриса Мун Гын Ён менен жакын курбулардан.

Мун Чэ Уон актрисалыктан тышкары модель катары да белгилүү.

Мун Чэ Уон катышкан "Керён периште тууралуу жомок" аттуу дорама 2018-жылдын 5-ноябрынан тарта көрсөтүлө баштады.

«Керён периште тууралуу жомок» дорамасынан кадр

13-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kgda
2018-11-14 03:31:36
Ото эле сулуу экен
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан