“Кикбоксчу Алексей Федосеев Азия оюндарына кетип жатканда бизге убада берип, кыргыз жери, кыргыз эли үчүн алтын медаль утуп келем деген эле. Сөзүнө туруп, алтын медаль утту”,- деди Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Мурат Саралинов бүгүн, 11-июлда маалымат жыйында. Айтымында, Азия оюндарына өтө көп спортчу катышты.“Федосеев жыйынтыктоочу беттеште Кореянын өкүлү менен чыкты",- деп кошумчалады ал.